09.05.2019 10:10

Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Дамир Мусакеев башкы прокуратура тагып жаткан айыптарга макул эмес

Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Дамир Мусакеев башкы прокуратура тагып жаткан айыптарга макул эмес

Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Дамир Мусакеев башкы прокуратура тагып жаткан айыптарга макул эмес. Экс-президенттин жан сакчысынын билдирүүсүн КСДП таратты. 

Кечээ, 8-майда Башкы көзөмөл орган Мусакеевге «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.  Маалыматта, 2010-2017-жылдары кыймылсыз мүлк сатылып алынып, бардыгы тең Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы жана аталаш агасына) каттатылганы айтылган. Мүлктүн баасы 20 миллион сомдун тегерегинде болгон.  

«Мунун баары калп. Баарын оңой эле текшерсе болот. Менде ушунчалык мүлк болгондо 2016-жылга чейин келинчегим, үч балам менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап жүрмөк белем? Мен азыр деле кызматтык батирде жашап жатам, менчигимде кандайдыр бир үйүм да, батирим да жок. Мен эч качан эч кимди алдаган эмесмин, бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө да кол салган эмесмин. Ак үйдөгүлөр мени айыпка жыгуу үчүн эмне ойлоп табуу керек экенин билбей да калышты. А.Ш. Атамбаевди сатпагандарды кантип болсо да каралоо керек болуп турат».

Дамир Мусакеев ата-энеси менен бир туугандарында болгон мүлктүн баары маңдай тер менен табылганын билдирди.

«Биз үй-бүлөдө төрт бир тууган эркекпиз. Өмүр бою кара жаныбызды карч уруп, оокатыбызды маңдай терибиз менен тапканга көнгөнбүз. Атабыз менен апабызга чоң чарбаны жүргүзгөнгө жардам берип келгенбиз, азыр да жардам берип турабыз. Ата-энебиз айылдагы бай адамдардан эмес, бирок чарбанын көзүн мыкты билишет. Биздин мүлкүбүз, чындап келгенде, 20 миллион сомго эч бир жетпейт. Ата-энебизге, мага, бир туугандарыма таандык болгон мүлктүн баарын кошо эсептеп келгенде ашып кетсе 5-6 миллион сомго жетет. Мунун ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүүсү болгону 500 -600 миң сомго гана чамалап барат». 

Анын айтымында, ата-энеси Бөкөнбаев айылындагы өзүлөрүнүн үйүндө турушат жана Бишкектеги Дордой жаңы конушу тарапта 2005-жылы эле алынган 4 сотых жер тилкеси бар. Бир туугандарынын Бишкекте бирден эки бөлмөлүү «хрущевка» батири жана жаңы конуштарда үйлөрү бүтө элек жер тилкелери бар. Өзү учурда УКМК пенсионери катары кызматтык батирде жашайт жана Тамчы айылында өкүл атасы берген курулушу жок 5 сотых жер тилкеси бар. Ал эми, Бишкектеги ага таңуулап жатышкан көп сандагы батирлер бизнесмен аталаш агасыныкы. 

«Мен чындыкка жетериме ишенем. Менден башкаларчылап саткын болбогонум үчүн гана өч алып жатышканын мен эле эмес, эл да ачык көрүп турат. Биздин атаандаштарыбыз эң эле ыплас калпты колдонушууда. Мындай саясый куугунтукта алар кандай гана болбосун, экс-президенттин атын, эми менин атымды да жаманатты кылуу үчүн эч нерседен кайра тартышпасын түшүнөм. Бирок эртедир кечтир бул ыпластыктын баары айланып барып алардын өзүлөрүн каптайт. Мен өзүмдүн таза атымды гана коргобой, мындай мыйзамсыздык менен чектен чыккандыкты уюштургандарды, мунун баарына кол кабыш кылгандарды жоопкерчиликке тарттырам деп ант берем. Буга кыжырдангандан эмес, принцип үчүн жетишем. Акыркы жылда мен көп нерсени көрдүм. Бийликтеги жана укук коргоо органдарындагы чириктерди түп-тамырынан бери соолутуу керек экенин түшүндүм».